Президентке Жогорку Нарын ГЭС каскадындагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди



Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жумушчулары үчүн курулган чакан шаарча
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-мартта орусиялык "РусГидро" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Евгений Дод Жогорку Нарын ГЭС каскадынын негизги энергетикалык объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчы өлкөнүн энергетикалык системин өнүктүрүү жана чыңдоо, анын электр энергиясын иштеп чыгуучу кубаттуулугун арттыруу үчүн бул энергетикалык ири долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун мааниси зор экенин билдирди.
Алмазбек Атамбаев пландаштырылган жумуштарды курулуштун бекитилген иш графигине ылайык, мындан ары да өз убагында жана сапаттуу аткаруу керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

