"Доллардын курсунун өскөнүнө байланыштуу ажылык сапарга болгон жолдомонун баасы да кымбаттайт" дейт дин комиссиясынын өкүлү



Быйылкы ажылык сапарга баруучу жолдомолор кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бакыт Осмонов билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
"Өзүңүздөр билгендей, быйыл доллардын курсу кыйла өстү. Ага байланыштуу быйылкы ажылык сапарга болгон жолдомонун баасы да кымбатыраак болот. Кыргызстандык жарандардын көпчүлүгү буга чейин зыярат кылуу маалында бекер жатаканаларда жашашчу. Ал жакта шарттар жок, айрым учурларда дааратканасы менен жуунучу жайы бир бөлмөдө болгон жерлерде жашаганга туура келет. Андан сырткары ал жакта дааратканга 30-40тан адам кезекке туруп калган учурлар да көп кездешет. Быйыл алдын ала бардык шарттары бар мейманканалар менен келишим түзүүнү пландап жатабыз. Бирок бул нерсе зыяратчылардын чөнтөгүнө кошумча чыгымдарды алып келет",- деди Б.Осмонов.
Анын айтымында, Түркиядан зыяратка баргандар эки категорияга бөлүнөт. Алардын бири кадимки эле катардагы зыяратчылар болсо, экинчиси "vip" зыяратчылар. Алар үчүн ажылык сапар узагыраак болуп жана бардык шарттар каралган. Бирок анын баасы 18 миң долларды түзөт. Ушундай системди бизге да бир-эки жылдын ичинде киргизели деген пландар бар. Бирок анын баасы 10 миң доллардан кем болбойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Жогоруда отуруп алып тигиндей- мындай деп чечип койосуңар,элди ойлобойсуңарбы
Өзүң жасабаган амалды ,башкага үйрөтпө-айтпа-насаат кылба деген сөздөрдү айтасыңар бизге урматтуу ажыкелер, ошол сөздү өзүнөр да эстеп ошого амал кылгыла. Иншаллах мурдагыдай эле баада уюштурарсыңар.