Борбор калаада оорукана жана окуу жайларда айымдардын баштыктарын уурдап жүргөн жаран кармалды
Борбор калаада оорукана жана окуу жайларында айымдардын баштыктарын уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин милицияга арыз менен бир нече жаран кайрылган. Анда алар баштыктарын уурдатканын айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 26 жаштагы тургуну кармалды. Иликтөөнүн алкагында ал 25 фактыга тиешеси бар экенин билдирген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.