Чоң-Алай районундагы ички чарбалык жолдор жергиликтүү тургундардын кол күчү менен ачылды

Чоң-Алай районундагы ички чарбалык жолдор ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 11-март күнү катуу бороондун кесепетинен Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагындагы Кулчу айылынан 3 чакырым, Кара-Шыбак айылынан 7 чакырым, Жекенди айыл аймагынын Шиве айылынан 3,5 чакырым, Чулук айылынан 3 чакырым ички чарбалык жолдор убактылуу жабылган.
Чоң-Алай айыл аймагы тарабынан күйүүчү май менен жеке менчик 1 бульдозер камсыздалып, кечээ саат 21:22 чамасында Кулчу айылына баруучу жолдун 500 метри бульдозер менен тазаланып, 2,5 чакырымы жергиликтүү тургундардын күчү менен ачылган.
Кара-Шыбак айылынан 7-чакырымы, Шиве айылындагы жолдун 3,5-чакырымдары бүгүн жергиликтүү тургундардын кол күчү менен ачылды.




1 |