super.kg logo
  Саясат  

Абдыганы Эркебаев: "Мыйзамдарды кыргыз тилинде жазууга өтүүгө көп тажрыйба, кыска жана так тил керек"

 
“Мыйзамдарды кыргыз тилинде жазууга өтүүгө көп тажрыйба, билим, жатык, кыска жана так тил керек. Азыркы учурдагы башкы көйгөйлүү маселе - мыйзамдарды орус тилинен которуп жазганыбыз". Мындай пикирди Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевге шилтеме берүү менен парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Эркебаев “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды биринчи кезекте мамлекет жетекчилиги аткарышы керектигин айтат. Бул көйгөйдү чечүүгө жалпы киришкенде гана тил мыйзамы аткарыларын белгилеген академик: "Эски адаттан арылып, эне тилде сүйлөшсөк, кыргыз мамлекетинде жашаган башка улуттун өкүлдөрү дагы эсептешет. Муктаждык жаралмайынча мамлекеттик тилди үйрөнүүгө зарылдык болбойт",- деп билдирди.

Илимдер академиясынын башчысы парламентаризмдин кемчилиги катары партиялык тизме түзүүдө адамдын жөндөмү, билими, таланты, адистиги эске алынбай жатканын атады жана "элибиз чыныгы билимдүүлөрдү шайлашса жакшы болот эле, себеби парламент - билимдин, интеллекттин иши" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: