super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова оор кырдаалга кабылган Гүлжамал Кебекчиеванын абалынан кабар алды

 
Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова кризистик борборлордун бирине барып, турмуштук оор кырдаалга туш болгон Гүлжамал Кебекчиеванын абалын көрдү. Аталган айым буга чейин жардам сурап Мамыровага кайрылган.  

"Гүлжамал Кебекчиеванын жалгыз кызы күйөөсүнүн зомбулугунан улам өз жанын кыйган. Окуядан кийин Г.Кебекчиева соттук териштирүүлөрдүн аягына чыкпай жатканына нааразы болуп Аламүдүн райондук сотунун эшигин талкалап салган. Буга байланыштуу ага кылмыш иши козголгон. Кызынан айрылган эне күйөө баласы камалып кеткенден кийин кызынын балдарын багып алууга аракет кылып жатканын, аларды колуна алууга жардам берүүнү суранууда",- деп билдирет 13-мартта парламенттин басма сөз кызматы.

Бардык жагдай мыйзам чегинде чечилиши керектигин айткан вице-спикер алгач Кебекчиеванын өзүнө ачылган кылмыш иши аягына чыккандан кийин гана неберелерин алуу жол-жобосу караларын билдирди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: