Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны февраль айында дээрлик 57 миңге азайды
Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны февраль айында 56 828 адамга азайды. 5-мартка карата аталган өлкөдөгү кыргыз жарандарынын саны 483 221 адамды түзүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын маалыматына таянып КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
"77 миң кыргыз жараны өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде болсо, 192 миң адам Орусия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүрөт. Буларга да өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынышы ыктымал. Кыргыз элчилиги Миграциялык кызматтын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок маселе чечиле элек",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

