Наталья Никитенко: "Жаңы шайланган акимдерди даярдыктан өткөрүп туруу зарыл"
"Акыркы 20 жыл аралыгында кыргыз мамлекетиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу институту
өнүгүүнүн бир нече баскычынан өттү",- деп билдирди Жогорку
Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 13-мартта “Мамлекеттик
бийлик бутактарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын
биригүүсү жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, натыйжалуулук, ишеним” деген темада өтүп жаткан эл аралык конференцияда.
Автор: Автандил Добулбеков
Депутат кыргыз жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ченемдик базасы барган сайын даана байкала баштаганын белгиледи. “Бул мезгилде өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү жаатында мыйзам чыгаруучулар тарабынан көп аракет жумшалды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыйла күчтүү жана такшалган адистик курамга ээ өнөктөш. Буга карабай жаңыдан шайланган акимдер менен ЖӨБ органдарынын жетекчилерин кайра даярдыктан өткөрүп туруу зарыл”,- дейт Никитенко.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

