Бишкекте кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды




Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын ортосунда сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, жолугушууда тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Али Кемаль Айдын эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты. Мындан тышкары эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышуу болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

