super.kg logo
  Саясат  

Түркия кыргыз жеринен төө буурчак импорттоодо бажы алымдарын алып салуу сунушун карайт

 
Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 11-мартта Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташтыгынын абалы, Бишкекте 2014-жылдын 24-26-декабрында өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык комиссиянын 8-жыйыны тууралуу пикир алышышты.
Ибрагим Жунусов кыргыз жеринен Түркияга төө буурчак экспорттоодо бажы алымдарын алып салуу сунушун айтып, түркиялык министр маселени дыкат карап чыгууга даяр экенин билдирди. 
ТИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, тараптар кызматташтыкты мындан ары жандантуу зарылдыгын белгилешти.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: