super.kg logo
  Спорт  

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жүрөк оорусунан каза тапты

 
Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов 54 жаш курагында жүрөк оорусунан каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комитеттин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди. 
Анын айтымында, инфаркттан улам көз жумган М.Саралинов акыркы күндөрү ооруканага кайрылган эмес. 
Кошумчалай кетсек, М.Саралинов 1961-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап келгени менен белгилүү. 2003-2004-жылдары Ысык-Ата районунун акими кызматын аркалаган. 2006-жылы Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланып, 2013-2014-жылдары буга катар Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кызматында иштеген. Кезинде эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери болгон М.Саралинов Олимпиада комитетинде экинчи мөөнөткө 2014-жылы шайланган. 
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз спортуна күйгөн Мурат Саралиновдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.03.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун,кудайым билип билбей кетирген куноолорун кечирсин.Туугандарына сабырдуулук берсин.
13.03.2015. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы киши эле. .Кыргыз спортуна чон салымын кошкон. Бейишин берсин.
13.03.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан окунучтуу окуя.Ыйманы саламат болсун.
13.03.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу болсун Мурат Байке кыргыздын белдуу жигиттеринин бири элениз армандуу дуйно деген ушул артынызда эмгегиниз калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: