Бишкекте президент өтүүчү жолду ээн жүргөн аттар кесип өтүп жатат

Бишкектеги Тынчтык кең көчөсү менен Түштүк магистраль көчөсүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерде ондон ашуун аттын байланбай ээн жүргөндүгүн көргөн окурмандар 14-мартта SUPER.KG порталына видеосун жиберишкен.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Интернеттен алынган
"Президент өтө турган Түштүк магистралда унаалар катуу ылдамдыкта жүрүшөт. Жылкылардын ээн жүрүшү жол кыймылына тоскоолдук жаратып же кырсыкка кабылса эмне болот?"- деген окурмандын суроосуна Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов: "Малдын катышуусундагы жол кырсыктары боюнча териштирүү иштери жүргүзүлөт. Эгер саат 19:00дөн кийин мал байланбай ээн-эркин жүргөндүгү аныкталса, анда малдын ээси күнөөлүү болот. Бирок айдоочулар жолдон малды көргөндө этияттап жүрүшү керек",- деди.
Бишкектин Түштүк магистралында жылкылар жүрөт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
2

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
bozik, туш келди жакка жарнама иретинде таштаган шилтемелери үчүн түбөлүк БАН!