Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан төрт милиция кызматкери каза тапты
Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан төрт милиция кызматкери каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 14-март күнү Каракол-Бөкөнбаев унаа жолунда болгон. Анда Тойота Виндом унаасынын дөңгөлөгү чыгып кетип, жол четиндеги кичи автобусту сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 4 милиция кызматкери жана айдоочу каза тапкан.
Каза тапкан 4 милиция Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Коомдук этиканы сактаңыз.
Жайы жаннатта болсун!!!