super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге Казань шаарындагы соода борборунда болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты

 

Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көптөгөн курмандыктарды алып келген Казань шаарындагы соода борборунда болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.  

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүмдү, ошондой эле жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалагандыгымды билдирип коюуңузду өтүнөм”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында. 

Кошумчалай кетсек, Казань шаарындагы болгон кырсыкта жалпы аянты 4 миң чарчы метр соода борбору толугу менен күйүп кеткен. Анда каза тапкан 4 жарандын бири кыргыз улутунан экени да маалымдалган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: