super.kg logo

Борбор калаада жана Чүй облусунда кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө башталат

 

Бүгүн, 16-мартта борбор калаада жана Чүй облусунда массалык түрдө кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу бүгүн, Республикалык эмдөө борборунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндөн тарта 28-мартка чейин эмдөөдөн 1 жаштан 20 жашка чейинкилер өтмөкчү. Андан соң эмдөө апрель айынан тарта этап-этап менен өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлмөкчү. Ага жалпысынан апрель айына чейин 1,7 миллион доза алынып келинери маалым.  

Айта кетсек, 12-февралда кызамыкка жана кызылчага каршы 840 миң доза вакцина, башкача айтканда, 2835 килограмм салмактагы эмдөөчү каражаттар ЮНИСЕФ аркылуу алынып келинген. Маалыматка караганда, учурда аталган вирусту жуктуруп алгандардын саны 5700дөн ашкан.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: