super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба продукцияларын чет өлкөгө ташуучулар үчүн милдеттүү патенттин өзүнчө ставкасын киргизүү демилгеленди

 

Бүгүн, 16-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында Экономика министрлиги айыл чарба продукцияларын экспорттогон жүк ташуучулар үчүн милдеттүү патенттин өзүнчө ставкасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи.

Аталган министрликтин статс-катчысы Айдай Курманалиеванын айтымында, салыктын суммасын эсептөө үчүн төмөнкүдөй салыктык база жана салыктык ставка колдонулмакчы. "1 автомашинанын жүгү менен салмагына ылайык, төмөнкү ставкалар белгиленди: 4 тоннага чейин - 300 сом4 тоннадан 8 тоннага чейин - 600 сом8 тоннадан 12 тоннага чейин - 900 сом12 тоннадан жогору - 1200 сомАйыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүгө патент жүгү менен автоунаанын ар бир чыгуусуна сатып алынат. Патент 30, 90 же 180 күнгө алынат. 90 күндүк патент алууда салыктын суммасы 5 пайызга, ал эми 180 күнгө алууда 10 пайызга азаят",- деп билдирди Курманалиева.

Талкуу жыйынтыгында парламент комитети мыйзам долбоорун кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: