Ала-Бука районундагы жол кырсыгынан бир адам жабыркады
Ала-Бука районунун Достук айылында жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-март күнү саат 21:15 чамасында катталган. Анда 1996-жылы туулган Кудайбердиев Мамыржан унаасын башкара албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен ал башынан жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, айдоочуну унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.