"Спорт Ордосунда жарылуучу зат катылган" деген маалыматты билдирген жаранды издөө иштери уланууда



Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.



Спорт Ордосунда 14-март күнү өтүүчү эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өтүү маалында "жарылуучу зат катылган" деген маалыматы билдирген жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.
"Жарылуучу зат катылган" деген маалымат боюнча Спорт Ордосунда адистер тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн, бирок эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Учурда мындай маалыматты милиция кызматына билдирген жарандын өздүгүн тактоо иштери уланууда. Ал жаранды табуу үчүн бардык тиешелүү мекемелер тартылган",- деди Б.Сейитов.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган билдирүүнү билдирген жаран шаардык телефондон чалган.
Эске салсак, 14-март күнү "жарылуучу зат катылган" деген маалыматтан улам Спорт Ордосунда өтчү мелдеш 15-мартка саат 12:00гө жылдырылып, чогулган эл зорго таратылган болчу. Мелдешти көрүү үчүн келген күйөрмандар 2 саат убакыт сыртта күтүп турушуп, андан соң милиция кызматкерлери алардан тарап кетүүнү суранышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.