Эксперт: "Дүйнөдө кызамыкка каршы эмдөөдөн көз жумгандар болгон эмес"



"Дүйнөдө кызылча жана кызамыкка каршы эмдөөдөн көз жумгандар болгон эмес". Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Сергей Дешевой билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта кичинекей вакцинаны алып, чоң илдеттен кутулууга болот. “Эмдөө кандайдыр бир реакция бериши мүмкүн, бирок өлүмгө алып келбейт. Анан эмдөө кош бойлуу аялдарга, аллергиясы барларга жана ооруп жаткандарга жасалбайт. Сыркоолоп жаткандар айыккандан кийин эмдөө жасатышса болот. Кошумчалай кетсем, бул эмдөөлөр динге эч кандай каршы келбейт. Мен өзүм Курандын орусчасын окуп чыктым. Ошондой эле Сауд Арабияда жана Түркияда эмдөө болгон, анда кыргыз жериндегидей каршы чыккандар аз болгон. 2001-жылы кыргыз өлкөсү КМШ мамлекеттеринин арасында биринчилерден болуп эмдөө жасап, 2 жуманын ичинде бул эпидемия жоюлган”,- деди эксперт.
Кызамыкка каршы эмдөө бүгүндөн башталды
