Ак-Талаа районундагы мектепти оңдоо иштери боюнча кылмыш иши козголду
Ак-Талаа районундагы мектептин оңдоо иштери үчүн бөлүнгөн акча каражатын ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 21-июлунда аталган райондогу М.Баетов атындагы орто мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тендер жарыяланып, аны жеңүүчүсү катары “Б-У” ишканасы жеңүүчү аталган. Мындан улам ал ишканага мамлекет тарабынан 2 миллион 765 миң сом которулган. Ал эми ошол эле жылдын 21-ноябрында оңдоо иштери бүтүп, комиссия тарабынан кабыл алынган. Бирок прокурордун текшерүүсүндө 253 миң сомдук жумуштар аткарылбаганы аныкталган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.