Эрлан Абдылдаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 13-мартта Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Али Кемаль Айдын менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматына таянсак, жолугушууда Бишкекте өткөн өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялардын жыйынтыгы талкууланды.
Абдылдаев эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча диалогду жандантууда аталган консультациянын мааниси жогору экенин айтса, Айдын өлкөлөрдүн мамилесин чыңдоодогу Тышкы иштер министрликтеринин ролун белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

