super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар кылмышкерлерге жаза берүүчү кескин ыкмалардан баш тартуу демилгесин талкуулашууда

 

Парламентте бүгүн, 16-мартта кыргыз мамлекетинде сот реформасын жүргүзүү алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган тегерек стол өтүүдө. Депутат Токтогул Туманов жаңы долбоорлордун башкы максаты кылмыш-жазыктык кескин чаралардан баш тартып, соттолуучуларга таасир этүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, аларды эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирүү экенин белгиледи. "Сот реформасынын негизги багыты – азыркы учурда иштеп жаткан административдик, кылмыштык, процесстик мыйзамдарды, ишти сотко жөнөтүү маселелерине байланышкан мыйзамдарды өркүндөтүү",- дейт Туманов.

2013-жылдын февралында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун үстүндө 6 жумушчу топ иштегенин кошумчалаган депутат буларды билдирди: "Жаңы Кылмыш кодексинин негизги багыты - кескин чараларды колдонуу ыкмасынан кайтып, күнөөкөрдү эркинен ажыратуунун альтернативдүү чараларын киргизүү". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: