Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү кирди
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 11-февралында кабыл алынган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мыйзамдын максаты - радиостанция жаатындагы эрежелер, инструкция, нормалардын бузулушуна, товарлардын санитардык нормаларына, азык-түлүктөрдү даярдоочу, сатуучу жактардын медициналык маалыматы, документине байланыштуу жоопкерчиликти күчөтүү.
Мыйзам республикада тамак-аштан уулануу, инфекциялык оорулар көбөйүп жаткандыктан, мындай терс көрүнүштөр сапатсыз азык-түлүк жана ичүүчү сууну пайдаланууда санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын күчөтүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

