super.kg logo
  Саясат  

Конституциялык мыйзамдардын бири "коменданттык саат" деген түшүнүк менен толукталат

 
“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын коституциялык Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорунун демилгечиси депутат Исмаил Исаков

Конституциялык мыйзамдардын бири "коменданттык саат" деген түшүнүк менен толукталат. Демилгечи депутат Исмаил Исаковдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзамдын тексттериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында демилгеленүүдө. "Колдонуудагы расмий тилдеги "Өзгөчө абал жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 1-беренеси ушул мыйзамдын 26-беренесинде тагыраак белгиленген жана башка ченемдеринде колдонулуучу "коменданттык саат" деген түшүнүктү камтыйт. Коменданттык саат - өзгөчө абал учурунда киргизилүүчү негизги өзгөчө чаралардын бири.

Ошол эле учурда мамлекеттик тилдеги конституциялык мыйзамдын 1-беренесинде аталган түшүнүк камтылбай калган. Ошондуктан киргизилип жаткан мыйзам долбоору менен ушул беренени "коменданттык саат" деген мамлекеттик тилдеги түшүнүк менен толуктоону сунуштап жатабыз",- деди Исаков.

Долбоорго ылайык, мамлекеттик тилдеги конституциялык мыйзамдын 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталмакчы:

"Коменданттык саат  инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда же болбосо өз турак жайынан тышкары жерде болууга тыюу салуу белгиленген сутка ичиндеги убакыт".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: