super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбековдун басма сөз катчысы журналисттерди спикер тууралуу жалган маалымат таратпоого чакырды

 
Айрым массалык маалымат каражаттарындагы "Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун туугандары Кара-Кулжа районунда жооптуу кызматтарды ээлеп алышты" деген маалыматка бүгүн, 16-мартта спикердин басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаев жооп кайтарды. Керимбаев мындай маалыматтар төраганы каралоо үчүн атайын жасалган аракет деп эсептейт. 
"Спикердин жакын тууганы Султанбек Байымбетов Кара-Кулжа районунун акими" деген маалымат жалган. Султанбек Байымбетов төраганын жакын тууганы эмес жана бүгүнкү күндө Кара-Кулжа районунун акими эмес. Азыркы учурда райондун акими - Каныбек Алиязов.

Экинчиден, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жетекчиси делген Кадыр Токтомушев спикердин жакын тууганы эмес жана ал айыл өкмөттү жетектебейт. Ушундай эле жалган маалыматтар Жумабай Шөкөев жана Урмат Асанбековдорун ысымына байланыштуу таратылган. Кара-Кулжа райондук билим берүү мекемесинин башкы эсепчиси Майрам Жээнбекова да спикердин бир тууганы эмес. Төраганын бир тууган иниси Жыргал Жээнбеков Кара-Кулжа районунун токой чарбасынын башчылыгынан кеткенине үч жылдан ашты",- дейт басма сөз катчы. 

Асан Боронбаев аттуу адамдын Кара-Кулжа райондук коругунда эмгектенгенине 40 жылдан ашканы, жетекчилик кызматка А.Жээнбеков төрага болгондон 20 жыл мурун келгени кошумчаланды.

"Жалган маалымат тараткандар мыйзамдан коркпосо да, Кудайдан корксо туура болмок",- дейт Керимбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: