super.kg logo

Бишкекте “Салам сага, санжыралуу Ноорузум!” аталышындагы майрамдык салтанат уюштурулду

 

Бүгүн, 16-мартта Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда “Салам сага, санжыралуу Ноорузум!” аталышындагы майрамдык салтанат орун алды. Аталган борбордун алдына боз үй тигилип, ичине дасторкон жайылып кыргыздын тамак-ашы коюлду. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду. 

Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Роза Акназарова, өлкөнүн Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышова, Өзбекстан менен Ирандын Кыргыз Республикасындагы элчилери, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, окуучулар жана Беловодск балдар үйүнүн тарбиялануучулары катышты.  

Алар төкмө акын Аалы Туткучев, Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы“Байчечекей” элдик фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Азия-Нур” элдик бий ансамблинин өнөрпоздору уюштурган концерттик программага күбө болушту. 

Нооруз майрамына арналып уюштурулган кечеде алгач бөбөктөр майрамдын, жадыраган жаз айынын келгенин жар салып чыга келишсе, Умай эне аластап, Бакай ата батасын берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.03.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсызбы супер инфо кече телевизордон кордум казакстанда уйку оруусу чыгып деп ошол жонундо тактап сайтка жазыныздарчы сураныч
16.03.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kulpun88_kg, саламатсызбы!
Тактап, кабар бергенге аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: