super.kg logo
  Саясат  

Конфискацияланган мүлктөрдүн 25 пайызын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде калтыруу демилгеленүүдө

 
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан конфискацияланган каражаттардын 25 пайызын аталган мекеменин бюджетине берүү, калган 75 пайызын республикалык бюджетке тапшыруу демилгеленди. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 16-мартта парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында каралды.
Демилгечи депутаттардын бири Ирина Карамушкинанын айтымында, коопсуздук түзүмүнө бөлүнчү каражат биринчи кезекте чечүүгө муктаж болгон башка көйгөйлөр менен бирге мекеменин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана социалдык маселелерин чечүү максатында иштетилет.
Жыйынтыгында парламент комитети бул мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: