super.kg logo
  Саясат  

Бириккен Араб Эмираттарынын ишкерлер тобу инвестициялык климатты байкоо үчүн кыргыз жерине келгени жатат

 
Абу-Даби шаарында кыргыз мамлекетинин Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев менен БАЭнин энергетика министри Сухаил аль-Мазроинин жолугушуусу өттү. ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-мартта билдиргендей, жолугушууда президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын 4-7-декабрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарына жасаган иш сапарында көтөрүлгөн маселелер талкууланды. Мындан тышкары БАЭнин энергетика министри жетектеген эмираттык ишкерлерден түзүлгөн делегациянын кыргыз жерине болчу иш сапары тууралуу сүйлөшүү жүрдү. Жолугушуу жыйынтыгында эмираттык делегацияны кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү жөнүндө келишим түзүлгөнү айтылды. БАЭден келген делегация инвестициялык долбоорлор менен таанышат.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: