super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Теңчилик болбогон жерде эч качан акыйкатчылык болбойт"

 
“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары 14-мартта Нарындын Ак-Талаа районунда жолугушуу өткөрүштү. Жыйында фракция лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылкы революциянын локомотиви Нарын менен Таластын эли болгонун белгиледи. 
"Нарындыктар ошондо тоолуктардын улуу мүнөзүн көрсөтүп чечкиндүү кадамдарды баштап бербегенде азыркыдай ийгиликтер болмок эмес. Коомдогу адилеттүүлүктү орнотуу жана теңсиздикти жоюу - негизги милдеттерибиздин бири. Теңчилик болбогон жерде эч убакта акыйкатчылык, чындык болбойт",- деди Текебаев. 
Түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун Ак-Талаа жерине пайдасы тиерин айткан депутат башка долбоорлор боюнча буларды кошумчалады: "Ак-Талаа районунун аймагы аркылуу Кытай-Кыргызстан темир жолунун өтүшү райондун калкы үчүн көптөгөн иш орундарын түзүү менен жарандардын Иран-Пакистан, Европага чейин барышына, ишкерлик менен алектенүүсүнө шарт түзөт”. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: