Уюлдук оператор алмаштырууда телефон номурун өзгөрүүсүз калтырууга багытталган мыйзамга президент кол койду
Президент Алмазбек Атамбаев "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган. Бул тууралуу 16-мартта президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары уюлдук оператор алмаштырууда телефон номурун өзгөрүүсүз калтыра алышат. Мыйзам жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

