Ош шаарындагы мектептерде Алиппе майрамы өткөрүлдү






Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердин 1-класстарынын окуучулары үчүн Алиппе майрамы өткөрүлдү. Мектеп босогосун аттап, билим алууну алиппеден баштаган бөбөктөр бир жыл ичинде алган билимдерин көрсөтүп, ыр-бий жана кызыктуу оюндарды тартуулап, аталган китеп менен салтанаттуу түрдө коштошушту.
Окуучуларга “А” тамгасын таанытып, көптөгөн түйшүк менен билим алууга жол ачып бергендиги үчүн башталгыч класстын мугалимдерине ата-энелер тарабынан ыраазычылыктар айтылды. Майрамды өткөрүү Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып, мыйзамсыз акча чогултууга жана ашыкча чыгымдарды коротууга жол берилген жок. Аталган башкармалыкка караштуу мектептерде 1-класста окуган 6958 окуучу алиппе менен коштошту.


