Путин, Лукашенко жана Назарбаев Астанада 20-мартта жолугушат
20-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Беларусь, Орусия жана Казакстандын башчыларынын жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Астана шаарында өтөт. Анда президенттер 3 мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсүнүн абалын жана перспективаларын талкуулашмакчы. Мындан тышкары тараптар орчундуу эл аралык маселелер, айрыкча Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашышат.
Айта кетсек, аталган жолугушуу 12-13-мартка пландалган болчу, бирок айрым себептерден улам артка жылдырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















