super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын президенти көптөн бери эл алдына чыкпаганы тууралуу "ушактарсыз кызыксыз болмок" деди

 

16-мартта Санкт-Петербург шаарында президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушту. 

Орусиянын президенти эки тараптуу соода-экономикалык маселелер талкууланарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык аймакка кирүү процесси сүйлөшүлөрүн айтты. "Биз бул боюнча көп жолу сүйлөшкөнбүз, ошентсе да Кыргыз Республикасынын экономикасы Орусия, Казакстан, Беларусь, Армениянын экономикасына ыңгайлашуусу керек. Албетте, бул чечиле турган маселе. Канчалык эрте ишке ашырсак, ошончолук жакшы болот",- деди Путин.

Алмазбек Атамбаев чогулган маселелерди талкуулоого бул жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгилеп: "Ушактар аз болуш үчүн сиздин уруксатыңыз менен кошумчалап кетсем. Азыр эле Владимир Владимирович унаанын рулуна өзү отуруп сарайдын аймагында айдап жүрдү. Мен өзүм жөнүндө айың кептерди көп угам, өзүңөр көргөндөй, баары эле туура эмес. Орусиянын президенти басып эле жүрбөстөн, конокторду салып машина айдап жүрөт",- деди.

Ал эми Владимир Путин "ушактарсыз кызыксыз болмок" деди. 






Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: