super.kg logo

Ош шаарында 42 миңден ашуун окуучуга диний экстремизм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 

Өспүрүм курактагы балдардын салттык дин боюнча маалыматтык деңгээлин көтөрүү учурдун маанилүү талабы экендигин эске алып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 42 миңден ашуун окуучуга мугалимдер жамааты, укук коргоо кызматкерлери, дин таануу боюнча адистер, улуттук коопсуздук кызматкерлери жана башка тиешелүү өкүлдөр менен биргеликте дүйнө жүзүндө болуп жаткан диний терс экстремисттик аракеттерге каршы түшүндүрүү иштерин жүргүздү.     

Окуучуларга таасирдүү, жеткиликтүү болуш үчүн Сирияда курчуп бара жаткан окуялар, ага алдоо жолу менен азгырылган жарандар боюнча атайын видеотүрмөктөр көрсөтүлүп, кошумча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан даярдалган видеотасмалар шаардагы 50 мектепке таратылды. Шаардагы бардык мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде экстремизмге каршы туруу, диний көз караштар боюнча иш-чаралар, көргөзмө куралдар коюлуп, ишеним кутучалары менен телефондор тынымсыз иштөөдө. Диний экстремизмге каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө окуучулардын ата-энелерине да бир топ пайдалуу маалыматтар берилүүдө. Учурда аталган иш-чаралар бекитилген иш план боюнча улантылууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: