super.kg logo

Польшада аялын чемоданга салып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган француз жараны кармалды

 

Тересполь шаарында Москва-Ницца каттамы менен бара жаткан поездде аялын чемоданга салып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган француз жараны кармалды. Бул тууралуу 16-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, анын аялы Орусиянын жараны болгон. Аялы үчүн шенген визасын ала албаган соң, аны чемоданга салып өтүүнү чечкен. Тересполь шаарындагы чек ара отрядында жүргүнчүнүн чоң чемоданы шек жаратып, текшерүүгө алынган. 

Чек ара отрядынын басма сөз катчысы Дариуш Синички"Чет өлкөлүктөр түрдүү жолдор менен чек арадан өтүүгө аракет кылышат, бирок адамды чемоданга салып өткөнүн биринчи жолу көрүшүм",- деп билдирген. 

Белгилүү болгондой, чемодандын ичиндеги айым өзүн жакшы сезгендиктен, медициналык жардамга муктаж болгон эмес. Польшанын мыйзамына ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылганы үчүн жубайлар 3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
16.03.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Электроника киносундай эле болуптур
16.03.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу дагы чонураак аял го
16.03.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйуунун кучу керемет го
16.03.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
укмуш го кулкун келет кээде тамашалап калабыз го чемоданга салып алып кетейинби деп))
17.03.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))))) шоруң каткыр
17.03.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок
17.03.2015. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тапкан айласын карабайсынбы,эгер чек арачылар шекшибегенде отуп кетмекда.
17.03.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))))))))
17.03.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanda bolgondo otup ketti eleda
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: