super.kg logo

17-мартта Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат

 

Эртең, 17-мартта оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Л.Толстой, Юнусалиев, Айни, Чайковский жана Ак-Өргөө конушу, анын ичинде Жер бөлүштүрүү институту, №25, 55-орто мектептери, Ленин районунун Аскер комиссариаты, №5-мончо, Гагарин көчөсүндөгү «Бишкек жылуулук-энергия» казаны, «Кока-Кола» ЖЧКсы, «Яшар» ЖЧКсы, 36-47 ТИБ ИИМ мекемесинде суу токтотулат. Ошондой эле «Кыргыз коньягы» ЖЧКсы, «Комбинат» ЖЧКсы, «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКсы жана «Лина» фирмасында суу басымы төмөндөйт.

“Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан, мекеме-уюмдардын кызматкерлеринен кечирим сурайт жана суу толтуруп алууну суранат",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: