super.kg logo
  Саясат  

Түрмөдөн качып кеткен жарандарды издөө милдетин Ички иштер министрлигине жүктөө сунушталууда

 

Бишкекте 16-мартта сот реформасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтому каралып, Кылмыштык-аткаруу кодексинин концепциясы каралды. Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тилек Асаналиев бул жаңы мыйзам долбоорунда кылмыштык-аткаруу процессин мүмкүн болушунча социалдаштыруу жана кескин чаралардан арылтуу сунушталууда. "Учурда жөнгө салуу ченемдери менен пенитенциардык тутумдун ортосундагы ажырым башкы көйгөй. Тийиштүү шарттарсыз ченемдик деңгээлдеги оптималдаштыруу чаралары кагазда жазылган бойдон кала берет",- дейт Асаналиев.

Эксперттин айтымында, жүргүзүлүп жаткан реформалар соттолгон адамдардын жаза өтөөсүн гумандаштырууга багытталган. "Жаңы долбоордо жаза өтөө абалын гумандаштыруу, жолугушуулардын санын көбөйтүү, ар кандай жөнөтмөлөргө карата коюлган чектөөлөрдү алып салуу, жаза өтөө жеринен качып кеткен адамдарды издөө милдетин Ички иштер министрлигине жүктөө чаралары каралды",- дейт эксперт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: