Быйылкы ажылык сапарга бара тургандарды ташуу үчүн тендерге эки гана авиакомпания катышууда

Быйылкы ажылык сапарга бара тургандарды ташуу үчүн эки авиакомпаниянын ортосунда тендер 19-мартта өткөрүлөт. Алардын бири кыргыз өлкөсүнө, экинчиси Сауд Арабияга таандык авиакомпания. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына муфтийдин орун басары Замир ажы Ракиев билдирди.
"Тендердик сынак жөнүндөгү маалымат 1,5 ай мурун жарыяланган. Бүгүнкү күндө ага катышууга 2 авиакомпания гана тиешелүү документтерин толугу менен тапшырды. Азырынча быйылкы ажылык сапарга болгон жол кире канча болорун айта албайм, ал тендердин жыйынтыгы менен белгилүү болот. Быйыл өлкө аймагынан ажылык сапарга 3685 адамдын барары пландалууда",- деди Замир ажы Ракиев.
Айта кетсек, өткөн жылы ажыга баруунун баасы 2400 долларды түзгөн. Ал эми быйылкы ажылык сапарга баруучу жолдомолор кымбаттаарын маалымат жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бакыт Осмонов билдирген болчу.



Жогоруда отуруп алып тигиндей- мындай деп чечип койосуңар,элди ойлобойсуңарбы
Өзүң жасабаган амалды ,башкага үйрөтпө-айтпа-насаат кылба деген сөздөрдү айтасыңар бизге урматтуу ажыкелер, ошол сөздү өзүнөр да эстеп ошого амал кылгыла. Иншаллах мурдагыдай эле баада уюштурарсыңар.