Депутаттар өкмөттү музейлерге түшкөн кирешени көзөмөлдөөгө чакырышты
Жогорку Кеңештин депутаты Гүласал Садырбаева
Бүгүн, 17-мартта парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Гүласал Садырбаева Маданият, маалымат жана туризм министрлигин музейге келүүчүлөр тарабынан түшкөн акчаны көзөмөлдөөгө чакырды.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, музейге келгендер акча төлөшөт, бирок айрым музейлерде акчанын төлөнгөнү боюнча дүмүрчөк беришпейт. "Мисалы, "Ата-Бейиттеги" музейге кирүү үчүн 200 сом төлөш керек. Мекеменин кызматкерлери бир дептерге жазарын айтышып, квитанция беришпейт. Күнүнө 100 чакты адам келсе, музей 2 миң сом табат. Бул акча каякка жумшалат? Муну көзөмөлдөө керек",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















