Борбордук аянтта Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү
Бүгүн, 17-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү.


Бүгүн, 17-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана мэриянын кызматкерлери.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана мэриянын кызматкерлери.

Жоомарт Оторбаев Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюуда.

Өкмөт мүчөлөрү Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюшту.


Борбордук аянтта Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү.

Борбордук аянтта Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү.
Бүгүн, 17-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү. Ага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев баш болгон саясий өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты. Ошондой эле премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, Бишкек шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюшту.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
Эске салсак, 2002-жылы эгемен кыргыз мамлекетинин тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.