super.kg logo

Коомдук активист: "Апрель революциясынан бери 5 жыл өтсө да, өлкөдө чечилбеген маселелер бар"

 
Апрель революциясынан бери беш жыл өтсө да, өлкөдө бир катар маселелер чечилбей калды. Бул тууралуу бүгүн, 17-март күнү 2010-жылдын апрелинде орун алган окуяны эскерүү курултайынын жүрүшүндө "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин жетекчисинин биринчи орун басары Максатбек Баткулов билдирди. 
Анын айтымында, азыр парламент элдин көйгөйүн чечпей, өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн иштөөдө. "Депутаттар топтошуп алып келерки шайлоо астында өздөрүн пиар кылуу менен алек. Бийлик бизге көңүл бурсун деп бүгүнкү иш-чараны өткөрүп жатабыз. Өкмөткө биздин 7 талап бар. Алардын бири Бакиевдин үй-бүлөсүн экстрадиция кылып, жазасын берүү. Экинчиден, мамлекетти коррупционерлерден жана криминалдан тазалоого жол ачкан Апрель элдик революциясынын жетишкендиктерин бекемдөөнү талап кылабыз. Ошондой эле калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифти киргизүү тууралуу сунуш ишке киргизилсин. Талаптарыбыз резолюцияга киргизилип, өкмөткө жөнөтүлөт",- дейт Баткулов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.03.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчтык эле болоберсинчи!бир бирибиздин этибизди жебей?мин тополон кылганыбыз менен элим жерим деп жан кейитпейт.ар бир адамга ыйман берип жерим учун деп куйуусу керек?!мамлекет учун эн негизи ички биримдик чондор ойлонуп туура план тузуп кыргызстан учун иштесе албетте эл колдойт.эл колдонгон мамлекет албетте онугот!
18.03.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апрелчилер тойгоздуго тынч эгин тигинин кылып эле уйундо отурушпайбы деймда.Чопчон эле аялдар уялышпайбы эми.Апрел окуясында чындап элим жерим деп эч ким чыккан эмес акчага сатылып анан чыгышкан эми калп эле баатыр болгондоруна куйосунда.Баары Бакиевке сатылып чыгышпады беле азыр эми ким жаман Бакиев жаман кимдин ити олсо деле ким олтурду Бакиев олтурду болуп жатпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: