super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Аксы окуясында каза болгондордун кыялын ишке ашырууга милдеттүүбүз"

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Аксы окуясынын 13 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Президенттин кайрылуусунда булар айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары - эгемендүү кыргыз мамлекетинин соңку тарыхындагы эң олуттуу бурулуштардын бири. Аксынын Боспиек айылынан карапайым мекендештерибиз баштаган кыймыл элибиздин азаттык жолундагы чечкиндүү аракетинин башатына айланды. Мындан туура 13 жыл мурун ишенимден таптакыр чыгып, коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлгөн элибиз жөө жүрүшкө чыккан. Анын арты кырчындай алты өмүрдү алган кайгылуу окуя менен коштолгон.

Аксы окуялары кыргыз эли бийликтин зордук-зомбулугуна, өзүм билемдигине моюн сунбастыгын, тизелеп жашагыча, тикесинен тик туруп жанын берерин далилдеди. Эркиндикти, көз карандысыздыкты бардыгынан жогору коюп, ал бийик максат үчүн керек болсо өмүрүн курмандыкка чаларын дагы бир ирет ырастады.

2002-жылдын 17-мартындагы окуялар бийликтин булагы эл экендигин, мыйзамдуулукту орнотпой туруп, калыс, адилеттүү коом куруу мүмкүн эмес экендигин ачык көрсөттү. Эгемендүүлүктүн татаал жолунда кыргыз өлкөсү далай тайгак кечүүдөн өттү. Эркиндик, көз карандысыздык үчүн ондогон мекендештерибиздин өмүрү кыйылды, окко учту. Адилеттикти, эркиндикти туу тутуп, элдин келечеги үчүн өз жанын берген инсандар тарыхка алтын тамга менен жазылып, эч качан унутулбайт.

Аксы окуяларында жана 2010-жылдын 7-апрелинде эл үчүн өмүрүн берген мекендештерибизге таазим этип, алардын көздөгөн кыялы - таза, адилет, өнүккөн мамлекет курууга милдеттүүбүз.

Кудай колдоп, элибизде ынтымак жана биримдик, жергебизде тынчтык жана туруктуулук болсо, сөзсүз көздөгөн максатыбызга жетебиз!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: