Музейлердин ишин жөнгө салуучу мыйзам долбоорун парламент комитети 1-окууда жактырды
Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев


Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев

Бүгүн, 17-мартта парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында музейлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиевдин айтымында, азыркы
мезгилде кабыл алынган укуктук-ченемдик база музейлердин ишиндеги коомдук мамилелерди
толугу менен жөнгө сала албайт, көптөгөн кемчиликтери бар жана кошумча
жөнгө салууну талап кылат. "Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы "Музей иши
жөнүндө" мыйзамды жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзамдын кабыл
алынышы өлкөдөгү музей жана музей фондунун түзүлүшү жана иштеши
менен байланышкан коомдук мамилелерди толук жана ар тараптуу жөнгө салууга
мүмкүндүк берет",- деди Бектеналиев.
Жыйынтыгында комитет долбоордун концепциясын жактырып, парламентке биринчи окууда кароого жөнөттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

