"Бийликти бизге бергиле!" дешти курултайга келген "апрелчилер"







"Жаштарга жол берилсин. Азыр парламентте отурган 120 депутаттын бири да 2010-жылдын 7-апрель күнү окко төшүн тоскон эмес". Мындай пикирди бүгүн, 17-мартта эскерүү курултайы учурунда Апрель баатырлары билдиришти. "Депутаттар элдин эсебинен жашап, ар кандай жеке кызыкчылыгын көздөгөн партияларды түзүшүүдө. Революциячыл биздин баатырлар аларга караганда көп нерсе жасашты. Бийликке биздин жаштар барышсын" дешти катышуучулар. Резолюция кабыл алынып, андагы талаптар 5-апрелге чейин аткарылышы керектигин билдиришти.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Эскерүү иш-чарасы 2002-жылдын Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюу менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
-1

