Бишкекте алыш күрөшү боюнча Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык "Гран-При" мелдеши старт алды


























Бүгүн, 17-мартта алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү, ЖКнын экс-депутаты Баяман Эркинбаевдин туулган күнүндө аталган спорт түрү боюнча анын жаркын элесине арналган эл аралык "Гран-При" мелдеши старт алды. Мелдештин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, маркумдун жубайы, Алыш күрөшү боюнча азиялык федерациянын жетекчиси Чолпон Султанбекова, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов жана Бириккен күрөш бюросунун мүчөсү, Айымдар жана
спорт комиссиясынын президенти Родика Мария Якши катышты. Ачылыш аземи коноктордун куттуктоолорунан тышкары чакан концерттик программа менен коштолду.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Уюштуруучулар кабарлашкандай, мелдешке жалпысынан Беларусь,
Грузия, Индия, Литва, Латвия, Молдова, Монголия, Орусия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан,
Түркия, Өзбекстан, Украина, Финляндия, Эстония, Израиль жана кыргыз өлкөлөрүнүн
115 спортчусу катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Мумкун болсо видосунда Кино залга жуктоп койосузбу? Эки иним Кыргызстандын атынан катышып жаткандыгынан,чыдамсыздык менен кутуп коргум келип жатат.Чон рахмат алдын ала!