super.kg logo
  Саясат  

Жылдыз Жолдошова "фракция лидерлигинен кетпейм" деп чыкты

 
"Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бузулуп, "Ата Журт" фракциясы жаңы коалицияга кирсе гана фракция лидерлигинен өз каалоом менен кетем, ансыз кетпейм",- деп билдирди журналисттерге бүгүн, 17-мартта Жылдыз Жолдошова
"Мени лидерликтен алуу боюнча фракциянын чечими мыйзамсыз, 8 депутат ага кол коюудан баш тартты. Негизи, фракция мүчөлөрүнүн үчтөн экиси макулдук бериши керек эле. Андыктан фракция лидери катары ишимди уланта берем. Экинчиден, Ташиев мага фракциянын чечими легитимдүү экенин айтып кат жазыптыр. Таң калдым, анткени азыр "Ата Журт" деген партия жок, башка партия менен биригип кеткен. Анан да, Конституцияга ылайык, партия парламенттеги фракцияга басым көрсөтө албайт, анткени экөө эки башка орган",- дейт Жолдошова.
Эскерте кетсек, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кантемир Мурзабеков "Ата Журт" фракциясынын депутаттары Ж.Жолдошованы лидерликтен кетиргендигин жарыялаган. Жаңы лидер шайланганга чейин фракция лидеринин милдетин аткаруу депутат Дастан Жумабековго жүктөлгөнү айтылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: