super.kg logo

“Жазгы маанай” аттуу сүрөт көргөзмөсүнө айымдардын колунан жаралган эмгектер коюлду

 
"Салтанат", автору Наталья Копелович.
"Лаванда", автору Наталья Копелович.
"Кодиеум гүлү", автору Наталья Копелович.
"Үйгө сапар", автору Кайыргүл Казыбекова.
"Көгүлтүр булуң", автору Наталья Копелович.
"Гоголь көчөсүндөгү жаз", автору Данакан Адашканова.
"Хрусталдуу Ысык-Көл", автору Данакан Адашканова.
"Убакыттын дирилдеши", автору Чолпон Идирисова.
"Метеориттин кулашы", автору Чолпон Идирисова.
"Кечээ жана бүгүн", автору Кимия Төрөгелдиева.
"Мен эңсеген жаз", автору Кимия Төрөгелдиева.
С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр кошуунунун арт-менеджери Кайыргүл Казыбекова.

Бүгүн, 17-мартта С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр кошуунунун көргөзмө залында “Жазгы маанай” аталышындагы көргөзмөнүн ачылыш аземи болду. Жашоосун чыгармачылыкка арнаган айымдар үчүн уюштурулган көргөзмөгө КРнын Эмгек сиңирген сүрөтчүсү Данакан Адашканова, сүрөтчүлөр Зарема Казыбаева, Чолпон Идирисова, Наталья Копелович, Диана Цырендоржиева, Нюргуяна Иннокентьева, Кимия Төрөгелдиева, Кайыргүл Казыбекованын эмгектери коюлду.

Бул көргөзмөдө живопись, натюрморт, триптих, портрет жанрындагы сүрөттөр жана курак, сайма менен жасалган туш кийиздер, айнектен кооздолуп жасалган буюмдар орун алды. 

"Биздин сүрөтчү айымдар жазгы маанайды кандай туюшканын эмгектеринде чагылдырышкан. Менимче, аял үчүн апа, чоң апа жана сүрөтчү болуу чоң эмгек. Кайсы мезгил болбосун, алар жазгы маанайда иштешет. Бүгүнкү көргөзмөдө жан дүйнөгө рахат тартуулап, көздү эс алдыра турган жакшы сүрөттөр коюлду, негативдүү нерсе жок”,- деди Кайыргүл Казыбекова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: