22-мартта Түштүк Кореядагы кыргыздардын биримдигин чыңдоо максатында спорттук мелдештер өтөт

Түштүк Кореянын Чонан шаарында 22-март күнү аталган өлкөдө жашаган кыргыздардын биримдигин жана достугун чыңдоо максатында спорттук мелдештер өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, Нооруз майрамына карата өтө турган саамалыкта оюн-зоок программалары орун алат. Кыз-келиндер жана уландар арасында футбол, кыргыздын улуттук оюндарынан аркан тартыш, күрөш, чүкө оюндары боюнча мелдештер өтөт. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана баалуу белектерге ээ болушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.