Ноорузга карата 19-марттан тартып Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет
Нооруз майрамына карата даярдыктардан улам борбордук көчөлөрдө 19-20-мартта саат 10:00дөн 13:00гө чейин унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Ал эми 21-март күнү саат 11:00дөн 13:30га чейин жабык болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Нооруз майрамында Биринчи Май районунда элдик жүрүштөр, концерт, улуттук тамак-аштарды даярдоо, улуттук жана спорттук оюндардын түрлөрү көрсөтүлөт. Райондун мектептеринде дил баяндар жана сүрөт тартуу боюнча сынактар уюштурулат.
Көлмө жана Алтын-Бешик конуштарында тургундар арасында кичи футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештер өткөрүлсө, Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында спорттук иш-чаралар жана майрамдык концерт тартууланат.
Панфилов атындагы сейил бакта аттракциондор ачылып, райондун Балдар чыгармачылык борбору тарабынан концерт уюштурулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.