super.kg logo
  Саясат  

амлекеттик сатып алуулар системин реформалоого саясий эрк жетиштүү" деди өкмөт башчы

 
Кыргыз жеринде мамлекеттик сатып алуулар системин реформалоонун башкы максаты - коррупция менен күрөшүү. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-мартта Дүйнөлүк банктын өкүлү Роберт Хунжа менен жолугушууда билдирди. Оторбаев учурда бул тармакта баары идеалдуу деп айтуу кыйын экенин белгилейт. "Бирок бизде реформаларды жасоого саясий эрк жетиштүү. Өнөктөштөрдөн керектүү жардамды алуу менен алдыга жылабыз",- деди өкмөт жетекчиси.
Премьер-министр "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КРнын жаңы мыйзамын иштеп чыгууга Дүйнөлүк банктын көрсөткөн колдоосу маанилүү экенин белгиледи. Айта кетсек, аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 18-февралында кабыл алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: